• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдүн башчысы Намазалиев облус аймагында жарандарга көрсөтүлгөн гумжардамдар туурасында айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусу боюнча жардамга муктаж 77 миң 385 үй-бүлө бар. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жардамдар аз камсыз болгон, көп балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган жарандарга берилип жатат.

"Жардам көрсөтүү боюнча үймө-үй кыдыруу иштери жүрүп жатат. Сокулук, Аламүдүн райондорунда айыл статусу жок конуштарда жашагандарга да жардам берилди. Чүй облусундагы калктын аярлуу катмарына 95 миң 74 азык-түлүк топтомдору таратылды. Өкмөт тарабынан берилген жардамды март-апрель айында 24 миң 116 үй-бүлө алды. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 711 миң тонна ун, 65 миң тонна кумшекер бөлүнгөн. Республикалык бюджеттен 10 млн сомдон ашык акча которулган. Ал азык-түлүк катарында таратылды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 миң 975 үй-бүлөгө, демөөрчүлөр тарабынан 54 миң 983 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий