• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдүн Кошой-Коргон айылындагы бала бакча имаратында жайгашкан мектепке акча каражаты тапшырыды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы ЧыныбайТурсунбеков Чүй облусуна жасаган жумушчусапарынын алкагында Чүй районунун Кошой-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы мектепке барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

140 орунга ылайыкташкан бала бакчанын имаратында жайгашкан мектепте бүгүнкү күндө 300 бала билим алууда. Мектеп директору Махабат Кадырова айылда союз учурунда пайдубалы түптөлгөн мектепти куруу иши 2015-жылы жанданып, капсула салынып токтоп калгандыгын маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бала бакча имаратындаэки эсе көп окуучу окутуп жаткан мектептин абалы менен таанышып чыккан соң мектеп алдынан жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Кошой-коргондуктар айылда маданият үйүнүн жоктугу, жол, таза суу көйгөйлөрүн тизмектешти. Бала бакчага мектеп жайгашкандыктан, айылдагы наристелер Токмок шаарындагы бала бакчаларга ташылат.

Бул айылга мектеп имаратын тургузуп берүү зарылдыгын белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Бөрүбай Саматовго капиталдык салымдар беренеси менен курула турган объекттердин тизмесине кийирүү маселесин койду. Ал эми бала бакча имаратында окуп жаткан балдарга интерактивдүү такта үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом акча каражатын тапшырды.Айыл тургундары койгон маселелер аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына табышталаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Чүй облусунун чыгыш зонасына болгон жумушчу сапарында депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий