• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдүн Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 85 пайызды түзѳт

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылындагы жаңы мектептин курулуш иштери 85%ды түзөт.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, объекттин курулуш иштери 2019-жылдын октябрында башталган, долбоордук кубаттуулугу 375 окуучулук орунга эсептелген.

"27 мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча Мамкурулуштун координациялык тобунун башкы инженери Токон Сатышев билдиргендей, учурда подряддык уюм тарабынан сырткы кабелдердин орнотуусу жана дубалдар менен полдордун ички сырдоо иштери аяктады.

"Учурда имараттын ички жасалгалары, тышкы фасаддары жана көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, мектептин курулушунда долбоорго ылайык окутуу үчүн бардык шарттар каралып, окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулган.

Аталган объекттин сметалык наркы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 795 миң 927 АКШ доллары каржыланды. Мектептин курулушунун аяктоосу 2021-жылдын сентябрында пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий