• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдүн Тогуз-Булак айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Жетыбаев курулуш нормаларына ылайык келбегендигине, мектептерди куруу долбоору боюнча Координациялык топтун уюштуруу иштеринин начардыгына, аталган объектте өз милдеттенмелерин аткарган адистердин квалификациясынын төмөндүгүнө, ошондой эле курулушта олуттуу кемчиликтер болгондугуна көңүл бурду.

Буга байланыштуу Жетыбаев Координациялык топтун жетекчилигин сынга алып, топтун жетекчисине сөгүш жарыялады. Анын ичинде коюлган милдеттерге жана кызматтык милдеттерге карата ак ниетсиз мамиле жасагандыгы үчүн Координациялык топтун башкы инженери ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгына курулуштун жүрүшүн өзгөчө контролго алуу, Координациялык топко курулушту белгиленген мөөнөткө чейин аяктоо боюнча чараларды көрүү, объекттин айланасында түзүлгөн кырдаал жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2019-жылы башталган жана белгиленген графикке ылайык объект 2021-жылы пайдаланууга берилиши керек болчу.

Пикир

Оставить комментарий