• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө окуу убактысында иштеп жүргөн алты өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда 2нен 4-апрелге чейин өспүрүмдөр арасында кароосуз калган балдар жана өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар жана эреже бузуулардын алдын алуу максатында алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, рейдде Жайыл районунун милиция бөлүмүнүн, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышкан. Алар базарларды, соода дүйүндөрүн жана унаа жуучу жайларды текшерүүгө алып, аталган жайларда иштеп жүргөн өспүрүмдөрдү аныкташкан.

Балдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар ата-энелерине өткөрүп берилген.

Ошондой эле саат 22:00дөн кийин көчөдө, сейил парктарда жана компьтердик клубдарда жалгыз жок жүргөн 11 өспүрүм райондук милиция кызматына жеткирилген.

Ал эми Кара-Балта шаарында жергиликтүү дүкөндүн айланасында кайыр сурап жүргөн өспүрүм аныкталган.

Андан тышкары балдар иши боюнча Комиссиянын чечими менен 3 өспүрүм каттого алынган.

“Учурда иш-чаралар уланууда”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий