• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүйдө сүт багытындагы асыл тукум бодо малды сатып алуу боюнча аймактык маанидеги долбоор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Чүй облусунда мал чарбачылыгын куруу жана сүт багытындагы асыл тукум бодо малды сатып алуу боюнча аймактык маанидеги долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын маалыматына караганда, КРӨЮ "Бегимай" дыйкан жана асыл тукум мал чарбачылыгы менен насыя келишимине кол койду.

Долбоордун шарты боюнча 100 баш бодо мал бата тургандай имарат курулат. Ошондой эле анын чоңдугу малдын саны көбөйгөндө да бата тургандай болуусу шарт. Андан сырткары, чарбалыкка европалык заманбап стандарттарга төп келген саан аппараттары орнотулат.

"Жабдууларды орнотуу Чүй облусундагы фермерлер үчүн сүт иштетүү тармагынын алдыңкы технологияларын көрсөтүүчү курал катары колдонулат. Ал эми уйларды машинанын жардамы менен саап берген технология саандын убактысын үнөмдөп, сүттүн көлөмүн көбөйтүп берет. Ошондой эле малдын жашоо циклин жакшыртат", - деп билдирди Новиков.

Пикир

Оставить комментарий