• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө сарайдагы өрттөн 1 миң баш мал жабыркады — Ажикеев

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 17-июлда Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында сарайдан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын учурунда сарайдагы өрттөн 1 миң баш мал жабыркаганын айтат.

“200дөн ашык мал күйүп өлдү, калганын эл айдап, сактап калган. Азыр 1 миң түк чөптү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - дейт министр.

Белгилей кетсек, кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий