• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө өспүрүм балага бычак саюуга шектелип 59 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өспүрүм балага бычак саюуга шектелип 59 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-майда саат 19:00дөр чамаларында Ысык-Ата райондук милициясына аймактык ооруканадан телефон чалуу түшүп, 17 жаштагы өспүрүм бычактан алган жараатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.

Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун 44 жаштагы М.Л. аттуу апасы милицияга арыз жазып, бейтааныш эркек киши мас абалында пикир келишпестиктен улам баласына бычак сайып жибергенин айткан.

Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (“Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Окуяга шектүү катары 59 жаштагы М.Н. аттуу жаран тааныштарынын биринин үйүндө милиция кызматкерлеринен жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий