• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Чүйдө Subaru айдоочусу КамАЗды сүзүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй айылында Subaru унаасынын айдоочусу КамАЗды сүзүп алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңил автоунаа жолдон бурулуп жаткан кезде жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. “Subaru” унаасынын ичиндеги 35 жаштагы жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

“Айдоочулардын канында спирттик ичимдиги бар же жоктугу текшерилүүдө. Эки унаа тең айып унаа токтотуучу жайга токтотулган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий