• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө суу каналы жарылып, турак үйлөрдү каптады

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Чүйдө суу каналы жарылып, турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын түштүк тарабынан 20 куб метр суу таш аралаш агып келип, каналга батпай, каналдын бетону сынып кеткен.

Каналдан ташыган суу Ударник айылынын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн короо жайын каптаган. Учурда куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу толгон эки үйдүн короо жайларын сордуруу иш-чарасын жүргүзүп бүттү, ошондой эле көчөгө шагыл ташы төшөлдү.

Табигый кырсыктын кесепетин жоюу максатында 2 жүктөгүч, 1 Хово, 1 экскаватор тартылып, суунун нугу бурулду.

Азыркы учурда Кемин районунун акими, Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, өздүк курамы, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматкерлери биргеликте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий