• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө сууга агып кеткен унаанын ичиндеги бир адам дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылйык, унаа жолдун 105-чакырымында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Кара-Балта суусуна түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1992-жылкы А.у.С. аттуу жаран сууга агып кеткен.

Окуя болгон жерге барган ӨКМдин куткаруучулары сууга аккан жаранды издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок азырынча натыйжа жок. Жалпысынан издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий