• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө телефон жана акча уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда уюлдук телефон жана акча уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда Ысык-Ата райондук милициясына 35 жаштагы Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 18-октябрда анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 17 жаштагы К.А. аттуу өспүрүм кармалган.

Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий