• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө турак үй өрттөнүп, үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылында турак үйдөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, үйдүн 12 чарчы метр аянтчасы күйгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен эки эркек жана бир аял каза болгон.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий