Чүйдө турак үй толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районудагы Прогресс дачасында турак үй толугу менен күйүп кеткен,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя 9-январда болжол менен саат 20:18 катталган.

“Өрттөн 60 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө №23 өрт-куткаруу бөлүмү тартылып, өрт саат 23:44 толугу менен өчүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий