• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Озерный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, социалдык шаарча 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Катар кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Социалдык шаарчада турмуштук оор кырдаалга кабылган 14 үй-бүлө жашайт (жалгыз бой энелер, жесирлер).

Иш-чарада КРнын вице-премьер министри Равшанбек Сабиров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар Чарити кайрымдуулук фондунун директорунун м.а. Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий