• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдө унаа даракты сүзүп, 1 аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басмасөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда болжол менен саат 03:40тар чамасында Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо “Гольф-3” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 аял киши каза болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий