• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө “Уурулук” рейди өтүп, кылмыштарды болтурбоо жана алардын бетин ачуу боюнча иштер аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Уурулук” аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-4-февраль аралыгында өткөрүлгөн иш-чарада уурулук кылмыштарды болтурбоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер аткарылды.

Милиция кызматкерлери айыл жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, өз мүлктөрүнө жана малдарына сак болуп тынымсыз көзөмөл кылуу керектиги айтылды. Андан сырткары, темир-тезек жана башка металлдарды сатып алган жайлар текшерилди.

Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуу учурунда жарандар тарабынан берилген суроолорго жооптор айтылып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий