• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө уурулукка шектелип 59 жаштагы киши кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Чүй облусунда уурулукка шектелип 59 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 2019-жылдын декабрь айында милиция кызматкерлерине 28 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кайрылып, коомдук унаалардын биринде белгисиз адам анын уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча каттоого алынган.

"Бул ишке шектүү катары мурда соттолгон 59 жаштагы Д.Ж. аттуу жаран кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки иш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий