• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө жүк ташуучу унаалар кагышып, эки адам кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд Транзит” жана “Вольво” оор жүк ташуучу унааларынын каттышуусунда жол кырсыгы катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы П.А. аттуу эркектер кыпчылып калган.

Жеринде беш куткаруучу жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий