• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө жарандардан дээрлик 4 млн сом алып, изин жашырып жүргөн адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Чүй облусунда жарандардан акча алып изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын 10дой арыздары катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн "Фархад" деп тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан ар кандай суммада акча алып, (ал жабырлануучулардан жалпы 588 миң сом жана 36 миң 700 доллар) кийин акчасын кайтарып бербей изин жашырып кеткени аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталып жатат.

Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши КР Кылмыш-жазык кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы фактыларга тиешеси бар делип Чүй облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан 36-жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

"Урматтуу жарандар! Эгерде жогорудагы жарандан жапа чеккен болсоңуз, анда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө же 0 (701) 45-55-94, 0 (550) 33-65-80 телефондор аркылуу кабарлаңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий