• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө жоголгон 2 өспүрүм табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда жоголгон эки өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, кечээ, 19-июлда милиция 2004-жылкы Кубаныч уулу Медербек жана 2004-жылы туулган Назарбаев Исламбек Жоомартович аттуу балдар жоголуп кеткендиги тууралуу билдирүү тараткан.

“Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери билдирүү түшкөндөн кийин дароо издөө иштерин башташкан. Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүм балдар табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Инспекторлор алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Алар Бишкекте сейилдеп жүрүшүп, кийин өздөрү жашаган районго келип, тааныш досунун үйүндө болушкан”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий