• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдө жол кырсыгы катталып, эки адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда таңкы саат 07:52лер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн.

Кырсыктан эки адам мерт кетип, бир эркек киши жабыркаган. Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий