• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кемин районунун Ударник айылында Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган С.Т. аттуу бала жана бир кыз каза болуп, дагы 3 өспүрүм бала жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий