• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө жыл аягына чейин 16 соцобъекттин курулуш жана оңдоо иштерин аяктоо пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Учурда министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы 28 социалдык инфраструктура объектилеринин курулушун жана капиталдык оңдоп-түзѳѳ иштерин жүргүзүүдѳ. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмат билдирет.

2021-жылдын бекитилген тизмесине ылайык, 7 мектептин, 13 мектепке кошумча окуу корпустарынын, 1 ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун, 1 балдар бакчасынын, 2 спорт комплексинин, жана 1 маданият объекттисинин курулуштарына 344 млн 751 миң 300 сом каралган. Ошондой эле, план боюнча 1 бала бакчанын, 1 саламаттык сактоо объектисинин жана 1 мамлекеттик маанидеги имараттын объектисинин капиталдык оңдоп-түзѳѳ иштеринин бүткөрүүгө 13 млн 576 миң 400 сом каралган.

Белгилей кетсек, жыл аягына чейин жалпысынан 16 социалдык объектинин курулуш жана оңдоо иштерин аяктоо пландалууда. Алар - 13 билим берүү объектисинин курулушу, ошондой эле 1 бала бакча, 1 саламаттык сактоо жана 1 мамлекеттик маанидеги имараттын объектилеринин капиталдык оңдоп- түзѳѳсү.

Пикир

Оставить комментарий