• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үч күндүк рейддин жүрүшүндө Ошто 1 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош шаарында “Мыйзам жана тартип” аталышындагы үч күндүк рейд жүргүзүлүп, 1008 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бардык фактылар боюнча административдик протокол түзүлгөн.

- унааны мас абалында башкаруу боюнча – 12 протокол;

- унааны керектүү документи жок башкаруу боюнча – 10 протокол;

- жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып токтотуучу жайга – 41 унаа токтотулду;

- тиешелүү уруксат кагаздары жок унаа башкаруу боюнча төрт айдоочуга карата чара көрүлдү;

- тиешелүү таризде унаа каттоодон өткөрүлбөгөндүгү үчүн – 8 протокол;

- ар түрдүү жол эрежесин бузуу боюнча – 256 административдик протокол түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий