• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч-Коргон айылында кутурган карышкыр жашоочуларга кол салды

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 23-октябрда жашоочулар койлорду короодон чыгарып жаткан кезде кутурган карышкыр аларга кол салган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, натыйжада 5 адам жабыркаган.

"Алардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Карышкырды атып салышкан, ал эми башы изилдөө жүргүзүү үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн. Эскпертиза анын кутургандыгын тастыктады. Вакцина бар, жабыркагандардын бардыгы толугу менен дарыланып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий