• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну („Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо“ долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну („Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо“ долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 20-февралында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Жогоруда аталган макулдашуулардын алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттарды, анын ичинен 40 млн АКШ доллары — грант түрүндө жана 60 млн АКШ доллары — жеңилдетилген кредит түрүндө, жеңилдетилген мезгил ичинде 1% ставка жана жеңилдетилген мезгилден кийин 1,5% ставка менен бөлүп берет. Кредит жеңилдетилген мезгил — 8 жылды кошуп алганда 32 жылдык мөөнөткө берилет.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоонун суммасы 160 млн. АКШ долларын түзөт, алардын көбүнчөсү электр механикалык жабдууларды жана гидроагрегаттарды алмаштырууга, гидротехникалык курулмаларды реконструкциялоого, ГЭСтин суу сактагычын илендиден тазалоого, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин плотинасын бекемдөөгө багытталат.

«Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан) кошумча 45 млн. АКШ долларын кредит түрүндѳ тартуу пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу 15 млн АКШ долларды түзөт (салыктардан жана жыйымдардан бошотуу түрүндө).

«Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу станциянын кубаттуулугун 20% кѳбѳйтүп, азыркы 180 МВттан 216 МВтка чейин жогорулайт жана жакынкы 35-40 жыл аралыгында электр энергиясын туруктуу генерациялоону камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий