• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 2 тез жардам унаасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаңы 2 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаалары жалпы сумасы 20 000 АКШ долларына алынып келген. Унаалардын бирөөсү жергиликтүү бийлик тарабынан алынып, ага 1 млн 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми экинчи тез жардам унаасы аймактагы элдик штаб тарабынан берилип, жергиктүү жашоочулар тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда буга чейин бир эле тез жардам унаасы болгон. Оорукана 5 айыл аймактын 60 миңден ашуун калкына медициналык кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий