• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунда жандандыруу бөлүмү ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Баткендин Үч-Коргон жалпы дарыгердик практика борборунда толук кандуу жана бардык зарыл медициналык жабдыктар менен камсыздалган жандандыруу бөлүмүнүн ачылыш аземи болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Иличбек Салибаев, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторов жана оорукананын эмгек жамааты катышты.

Борбордун директору Орозбек Муратовдун айтымында, 1928-жылы түзүлгөн ооруканда жандандыруу бөлүмү болгон эмес, оор абалдагы бейтаптар башка ооруканага багытталып келген.

Ооруканага БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан санариптик жана мобилдүү рентген берилип, имарат санитардык нормага ылайык капиталдык ремонттон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий