• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч кыргызстандык каза болгон Челябинсктеги автокырсык боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Үч кыргызстандык каза болгон Россиянын Челябинск облусунун аймагында катталган автокырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянсак, кырсык 2020-жылдын 22-январында болжол менен кечки саат 19.00дө Челябинск-Троицк федералдык автожолунун 117-чакырымында болгон.

Кырсыктан каза болгон беш адамдын үчөө кыргызстандыктар болсо, экөө Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары болушкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, КРнын мамлекеттик номери тагылган "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, КамАЗ менен сүзүшкөн.

Учурда катталган кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий