• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үч кыргызстандык Оштон Ташкентке чейин чуркоо акциясын баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. 27-августта эртең менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты.

Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан, - деп жазат centralasian.org.

Алар бул жолу Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымдын 340ын жөө басып өтүшөт. Калган 200 чакырым ашууларга туура келгендиктен автоунаа менен өтүүгө туура келет.

Спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп барат. Алардын ден соолугуна чогуу жүргөн дарыгер такай көз салып турат.

“Достук” марафону Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылат. Аны өткөрүүгө "Мөл булак" чакан насыя мекемеси, спортту тескеген органдар жана өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий