• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үчөөнүн номери жасалма. Бишкекте терезелери караңгылатылган 7 той кортежи кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бишкекте терезелерин атайын караңгылаткан 7 той кортежи кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен үч автоунаанын мамлекеттик номери жасалма болуп чыккан. Кайгуул кызматкерлери бүгүн болжол менен саат 13:30дар чамасында Чүй жана Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан той кортеждерин көрүшкөн.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат автоунааларды токтотуп, текшерүүгө алган учурда, 7 авто унаа атайын алдыңкы жана каптал терезелери караңгылатканы аныкталган. Анын ичинен 3 авто унаанын мамлекеттик номуру жасалма номур, ал эми бир жол тандабастын мамлекеттик номуру такыр жок болгон.

Бул факты боюнча 7 авто унаага атайын терезелерин караңгылаткандыгы үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салынып, 4 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Ал эми жасалма номур менен жүргөн айдоочулар Свердлов жана Биринчи май райондук ИИББне андан ары чара көрүү үчүн жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий