• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чөнтөк телефону окуучунун турмушунда кандай мааниге ээ?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Мектеп окуучулары колдонуп жаткан чөнтөк телефондорун мектепке барганда сактап коё турган кутучалар болуш керекпи? Бул жагы жеке менчик мектептерде жолго коюлган. Эми болгону аталган маселенин мамлекеттик мектептерде ыңгайын табуу зарылчылыгы жаралууда. Болбосо, сабак мезгилинде интернетке кирип, алагды болгон окуучулардын билим сапатына эле эмес, алардын жүрүм - турумдарына да терс таасирин тийгизип койчу көрүнүштөр жок эмес. Ошондуктан, ЖК депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларын түзүлүшү жөнөкөй чөнтөк телефонун гана колдонууга үндөп, смартфондордон баш тартууга чакырган ЖК токтом долбоорун демилгелөөдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепте окуу формасы бирдей болуп, кыздар такасы 3 см. бийик бут кийим кийбеши керек. Антпесе, окуучу балдардын бири - биринен айырмаланып өзгөчөлөнүп кийиниши балдар арасындагы жик – жикке бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – төмөн абалдын түзүлүшүнө түртө тургандыгын да депутат өз сөзүндө белгиледи. Ошондой эле ал, - "Жергиликтүү шартта даярдалган кездемелердин сапаттуу түрү Токмок шаарындагы кездеме чыгаруучу комбинаттан алынса, тигүү цехтери ишти илгерилетсе ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого дагы жакшы өбөлгө болмок эле", - дейт.

Ошондой эле уктурууга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да катышып, азыр республикадагы мектептердин бардык башталгыч класстын окуучулары бир кылка үстү кочкул кызыл түстөгү мектеп формасын жактырып, ошол форманы кийип жүрүшкөндүгүн маалымдады. Ал эми мектеп формасынын классикалык үлгүсү болгон кара шым, кар юбка жана ак көйнөк тибиндеги түстү тандап алып колдонгон билим берүү мекемелеринин эсеби өлкө боюнча 57%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий