• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үч облустагы бала бакчалардын санитардык түйүндөрүн куруу боюнча тендерлерди өткөрүү талкууланды

Билим 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Үч облустагы бала бакчалардын санитардык түйүндөрүн куруу боюнча тендерлерди өткөрүү талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын акимчиликтеринин, айыл округдарынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн форматта кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жамааттык бала бакчалардын бөлмөлөрүн реабилитациялоо жана санитардык түйүндөрдү куруу боюнча тендерлер тууралуу маалымат алышты.

Тендер үч облустагы 280 бала бакча үчүн 70 лотту камтыйт.

Баткен облусу боюнча тендер - https://edu.gov.kg/announcements/181/

Ош облусу боюнча тендер - https://edu.gov.kg/announcements/182/

Жалал-Абад облусу боюнча тендер - https://edu.gov.kg/announcements/180/

Пикир

Оставить комментарий