• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үч облустун ишкерлери үчүн Россия-Кыргыз фондунан насыя алуу шарттарын жеңилдетүү керек – Асрандиев

Аймак 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Баткен, Талас жана Нарын облусунун ишкерлери үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) каражат алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү караштыруу керек. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Асрандиев Аймактык өнүгүү боюнча конференциясында билдиргендей, мындай демилгенин себеби, ушул үч облуста түз каржылоо боюнча бир да долбоор ишке ашырылган эмес.

"Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду бир нече артыкчылыктуу багыттар боюнча каржылоо жүргүзөт: жеңил өнөр-жай, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган ишканалар, айыл-чарбасын өнүктүрүү. Аталган үч облус үчүн жалпы шарттар иштейт. Бирок, кошумча долбоордук каржылоону киргизүү каралып жатат", - деди ал.

Буга байланыштуу, аталган облустардын ишкерлери үчүн кээ бир процедураларды жеңилдетүү, анын ичинде мүлктү күрөөгө коюу тартибин алып салуу каралууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте "Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясынын экинчи бөлүгү башталган. Талкуу үч багыт боюнча жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий