• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үчөө оор абалда: Коронавирус жуктуруп алгандардын абалы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов коронавирус жуктуруп алгандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, вирусту жуктуруп алгандардын ичинен үчөөнүн абалы оор деп бааланууда.

"Үч адамдын ичинен эки жарандын абалы туруктуу оор болсо, бирөө өтө оор абалында. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулган", - дейт Мамбетов.

Ал кошумчалагандай, 31-мартка карата өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий