• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч парламенттик фракция өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министри Сапар Исаковдун отчету каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КР Премьер-министри Сапар Исаковдун айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү 12,5%га өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27%га, башка өлкөлөргө 8,6%га көбөйдү», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. Калктын мамлекеттик органдарга карата ишеними 65,4 пайызга жеткен. Суроо-жооп маалында республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси менен салынып жаткан социалдык обьектилердин сапатсыз курулушу, Түндүк-түштүк автожолунун курулушунун белгиленген графиктен кечигиши, жаштар саясатына анчейин көңүл бурулбай жаткандыгы айтылды. Ошону менен катар терс мотивдер менен кызматынан кол жууган аткаминерлердин жазасы болгону кызматынан алынышы менен эле чектелишине сын-пикирлер айтылды. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, чындыгында андай кызматкерлердин айынан ал тейлеген тармак артка кетип жатат. Мындан улам андай аткминерлердин жок дегенде кошумча наамдарынан, берилген артыкчылыктарынан ажыратуу сыяктуу жазаларды кошумчалоону сунуш кылышты. Жыйын жүрүшүндө “Кумтөр” кенин иштетүүнү мындан ары дагы улантуу маселеси талкууга түштү.

Бир катар депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө келтирилген экологиялык зыян менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Макмал” алтын кенинин жанындагы кытай компаниясы салып жаткан кен ылгоочу фабриканын имараттарынын өрттөлүшү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу КР Өкмөтүнүн ишин сынга алышты. Мындан сырткары, аткаруу бийлиги тарабынан ички инвесторлор суранган шарттар дагы аткарылбай жатканы маалымдалды. Өкмөт башчы куруучулар менен бир катар жолугушууларды өткөргөндүгүн, алар тарабынан коюлган маселелер четинен аткарылып жатканын айтты. Суроо-жооп маалында электр кубатына болгон тарифтин баасы тууралуу суроо берилди. КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков электр кубатына болгон тарифти көтөрүү үчүн эмгек акылар менен пенсияларды жогорулатуу маселеси тургандыгын, ошол эле маалда элге оорчулук келбегендей кылып тарифти көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Талкууда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” алтын кени боюнча тарыхый адилеттүүлүк ордуна келбей келе жатканын айтып, С.Исаковдун башка катачылыгы катары парламент менен кеңешпей туруп “Кумтөр” кени боюнча келишимге кол койгондугун атады. Муну менен А.Шыкмаматов “Ата Мекен” фракциясынын Өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табуу сунушун билдирди.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев Өкмөт башчынын маалыматын эске алуу керектигин, Өкмөттү улам-улам алмаштыра берүүнүн элге пайдасы жоктугун билдирди.

Депутат Талант Мамытов чехиялык “Лиглас” компаниясы менен келишимдеги чекилик, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатканы, Бишкек ЖЭБиндеги көйгөй жана башка бир катар маселелерди тизмектеп, Өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табуу керек дейт.

Жыйынтыгында «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министри Сапар Исаковдун отчетун канааттандырарлык эмес деп табуу боюнча чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий