• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Апрель" телеканалына каршы доо арыз бүгүн сотто каралат

Коом 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. "Апрель" телеканалына каршы доо арыз бугүн сотто каралат. Бул тууралуу телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложников билдирди.

Ишти 30-январда 14.00 Бишкектин Октябрь райондук соту карайт.

Эске салсак, мурунку Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков, саясатчы Азимбек Бекназаров жана УКМК мурунку башчысы Кенешбек Дуйшебаев Алмазбек Атамбаевге жана "Апрель" телеканалына каршы арыз менен сотко кайрылышкан.

Алар былтыр декабрда экс-президент Атамбаевдин бул телеканалга берген маегинде "аброюбузга шек келтирди" деп билдиришкен. Саясатчылар Атамбаев менен телеканалдан 18 млн сом өндүрүүнү өтүнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий