• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үч саясатчынын Атамбаевге жана "Апрель" каналына каршы доо арызы сотто каралууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Бүгүн Октябрь райондук сотунда экс-депутат Акматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" телеканалынын башчысы Дмитрий Ложниковго карата соттук доо арызы каралууда.

Бекназаровдун айтымында, Атамбаевдин "мурдагы прокурор апрелдик революциядан кийин байыган" деген сөзү жалган.

"Ал мен канчалык бай экенимди жана анын сөздөрү калп экенин билет. Ооба, мен анын президент болуп тургандагы ишин сындагам. Бирок жеке өзүнө асылган эмесмин", - деди ал.

Экс-прокурор, эгер Атамбаев жигит катары сотко келип, өзүнүн сөздөрүн далилдесе ага доосу болбой турганын айтты.

"Жөн эле калп жаза бергенге болбойт. Атамбаев, Нышанов апрелдик революциядан кийин мыйзамсыз алынган акчаны мыйзамдаштыруу менен алектенгенин айтты", - деди ал.

Эскерте кетсек, А. Келдибеков, А. Бекназаров жана К. Дүйшебаев экс-президент "Апрель" телеканалына маек бергенден кийин Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Ложниковго каршы сотко 18 млн. сомдук доо арыз берген. Доо арызын бергендер, маекте аларга карата айтылган сөздөр жалган экенин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий