• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үч шаардык кеңешке шайлоого 617 миң 517 жаран добуш берүү укугуна ээ болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июлда, саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого жалпы 617 миң 517 жаран тизмеге киргизилген.

“Анын ичинен Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмок шаарында 38 миң 100 жаран шайлоочу катары катталган”, - дейт ал.

Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1т258 талапкер тизмеге катталган. Ал эми Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 саясий партия, Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий