• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Күч түзүмүнүн эки кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Күч түзүмүнүн эки кызматкери жаракат алды, аларга таш ыргытышкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, алардын мээси чайкалган, эки кызматкерди Улуттук госпиталга алып кетишкен.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккандар Ак үйдүн жанына барды. Милиция чогулгандарды таркатып жатат.

Азыркы учурда болжол менен октун үнү угулууда. Ошондой эле көздөн жаш агызуучу газ колдонулгандыгын көрүүгө болот. Ак үйдүн тегерегинде күч органдары тизилип турат.

Белгилей кетсек, ИИМ буга чейин маалымат таратып, анда митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында күн мурун, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган митинг өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий