• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үч-Терек айылында тоонун боорундагы өрттү өчүрүү иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айыл аймагынын Үч-Терек айылындагы Кызыл-Омпол тилкесинде тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 11-сентябрда саат 18:00дө 9 куткаруучу, райондук токой чарбасынан 5 адам, жергиликтүү тургундардан 15 адам, жалпы 29 адам тартылган.

Кечээ, 12-сентябрда кошумча дагы 9 куткаруучу тартылган.

“Жеринде байланыш жок болгондугуна байланыштуу, маалыматты тактоо жана өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында бүгүн 13-сентябрда саат 10:30да КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары к-н З. Дүйшөбаев, КР ӨКМнин Токтогул райондук №105 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу менен чыгып кеткен”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен болжолдуу түрдө 45-50 га куураган чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий