• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Үч улуттун кубогу”: Кыргызстандын курамасы Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 02.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Палестинанын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, кыргыз футболчуларынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндагы жалгыз голду кураманын жарым коргоочусу Азим Азаров киргизди.

Аталган достук турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши жүрүүдө.

Оюндардын тартиби:
2-сентябрда: Кыргызстан — Палестина;
5-сентябрда: Палестина — Бангладеш;
7-сентябрда: Кыргызстан — Бангладеш.

Пикир

Оставить комментарий