• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзамен тапшырат. Эрежелердин тизмеси

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ушул жылдын 8-мартынан тарта бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат:

- Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөсү жок башкаруу;
- Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
- Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40км/сааттан көп, 60км/сааттан көп эмес. 2. 60км/сааттан ашуусу);
- Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
- Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
- Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
- Мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.

Пикир

Оставить комментарий