• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үч жумада 5-7 килограммга арыктоого болот

Дүр дүйнө 0

Окумуштуулардын айтымында, дүйнө элинин 35%ы ашык салмактан жабыр тартат жана бул көрсөткүч күн санап өсүүдө. Ашык салмактан арылуу үчүн туура тамактанып, активдүүлүгүбүздү жогорулатуу зарыл. Бул үчүн салаттан башка тамак жебей, күнүнө эки сааттан спортзалда машыгуунун кажети жок. Чындыгында бул жөпжөнөкөй.

Азыркы калыптанган түшүнүк менен биз бир күндө үч жолу тамактанабыз: эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануу. Туура тамактануунун сыры, ошол эле рационду алтыга көбөйтөбүз, ал эми ар бир порциянын көлөмүн 250-300 граммга азайтабыз. Андан көп эмес, анткени дал ушул көлөм биздин ашказанга туура келет. Диетологдордун айтымында, эртең мененки тамак татаал кычкылдардан, түшкү тамак кычкылдар жана белоктордон ал эми кечки тамак бир гана белоктордон туруш керек. Анда эмесе бир күндүк рацион төмөндөгүдөй маанайда болот:

- эртең мененки тамак, саат 8:00 чамасында (250-300 гр сулудан же гречкадан жасалган ботко)

- экинчи эртең мененки тамак, саат 10:00 (бир чоң алма же үч даана кара өрүк)

- түшкү тамак, саат 12:30 (кайнатылган эт же котлета гарнири менен жана 1-2 үзүм кара нан)

- экинчи түшкү тамак, саат 15:00 (сууга бышырылган жер жемиш же бир таттуу калемпир)

- кечки тамак, саат 18:00 (250-300 гр шорпо же гречкадан жасалган тамак)

- саат 19:00дө бир алма же бир сабиз жесе болот.

Кечки жетиден кийин тамак же таттуу жебей эле койгон оң.

Ашык салмактан арылуу үчүн бир гана майдалап тамактануу жетишсиз, албетте күнүмдүк активдүүлүктү жогорулатуу зарыл. Бул үчүн көп сааттык көнүгүүлөрдүн кажети жок, жөө басыш керек. Дарыгерлердин айтымында, бир күндө 12 миң кадам баскан адамдын зат алмашуу процесси жакшырат жана ашыкча калориялар жок болот. Бир гана талап баттан басуу кажет.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий