• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үч жылдын ичинде 56 кыргызстандык адам сатуунун курмандыгы болушкан

Коом 0

Бишкек, 01.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Үч жылдын ичинде 56 кыргызстандык адам сатуунун курмандыгы болушкан. Бул тууралуу бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, бул үч жылда алынган маалыматтар. Алардын 25и аялдар жана 32си эркектер. 2014-жылы – 8 аял, 15 – эркек, 2015-жылы – 11 – аял, 11 – эркек, ал эми 2016-жылы 6дан. Көбүнчөсү жарандар мындай кырдаалга Россия, Казакстан жана Түркияда кабылышат.

ЖК депутаттарынын бири кыздар чет жакка турмушка чыгып, бир нече убакыттан соң кулга айланып калгандыгы тууралуу суроого кызыкты. Депутаттын айтымы боюнча, мындай жагдай көбүнесе Кореяда байкалат.

“Миграция боюнча мамлекеттик кызмат атайын мониторинг жүргүзүп келет, эгерде биздин жарандардын укугу бузулгандыгы аныкталса, анда, бул фактылардын бардыгы чогултулуп, укук коргоо органдарына тапшырылат. Андан сырткары, биз тараптан чет жакка жумуш издеп же турмушка чыгып жаткандарга атайын укуктук маалымат берилип келет”,-деди Шерипов.

Пикир

Оставить комментарий