• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын" лауреаттарын сыйлоо аземи өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда заманыбыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын" тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлыктарды тапшырууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикадагы жаштардын олуттуу ролун жана милдетин белгиледи.

«Жаштар республиканы өнүктүрүүдө алдыңкы катарда турат. Сиздер –биздин замандын баатырларысыздар. Бул сыйлык мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн келечектеги ийгиликтерди багындыруу үчүн дем-күч берсин», - деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, сыйлыктын негизги максаты – республиканын чыгармачыл күчтөрун жаштарды патриоттук духта жана демократиялык кайра куруулар, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү багытында тарбиялоо максатындагы чыгармаларды жаратууга шыктандыруу болуп саналат.

Сыйлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы No 514 токтому менен негизделген.

Пикир

Оставить комментарий