• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ч.Айтматов атындагы орденди белгилөө - адилеттүү кадам

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматов арабызда болгондо быйыл туура 90 жашка толмок. Жазуучунун заркарлыгын тааныган дүйнө өлкөлөрү көп. Анда Айтматов атындагы орденди эл аралык деңгээлде белгилөөгө неге болбосун? Бул тууралуу демилгени убагында көтөргөн депутаттардын тобунда эл өкүлү Аида Касымалиева дагы бар. Бүгүн, 12 - сентябрда ал "Парламент" радиосунун түз эфиринде болуп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча кеңири маалымат берди.

Айтматовду изилдөөчүлөр дүйнө алкагында өтө көп. Жазуучунун чыгармаларын сүйүп окуган окурмандардын катмары да абдан кеңири. Бул кыргыз элин абдан кубандырат. Айтматов дүйнөсү ушунчалык аалам адабиятынын алкагында кеңири масштабга ээ болуп жаткан соң, даражасы жогору турган Ч.Айтматов атындагы орденди уюштуруу идеясы келди. Аны колдоп, демилге көтөргөн депутаттардын катарында КСДП жана “Ата - Мекен” фракцияларынын бир топ депутаттары бар.

Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө менен залкар жазуучунун көркөм мурасын сактоо жана аны кеӊири жайылтуу максаты коюлууда. Маданият тармагынын, гуманизм идеясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргыз жарандары менен катар чет өлкөлүк өкүлдөр да бул орден менен сыйлана алышат. Демилгени Өкмөт дагы колдоого алып, ага зарыл болгон каржы булагынын эсеп – чотун чыгарды, - дейт депутат А.Касымалиева. Ошондой эле эгер мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, орденди даярдоо этаптары да тактала тургандыгын кошумчалады эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий