• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ч.Айтматовдун каармандары Бишкекте”: Калаада окуучулардын жүрүшү ѳттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бишкекте окуучулардын катышуусунда “Ч.Айтматовдун каармандары Бишкек шаарында” аттуу жүрүш уюштурушту. Иш-чара жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуучулар карылар үчүн үй интернатына жана Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу баш калкалоо жайына барып Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып беришкен.

Балдар “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу” чыгармаларынан аткарып жана көркөм окуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскеришкен.

Пикир

Оставить комментарий