• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ч.Султанбекова: Интелект бардык коомдо баалуу жана мамлекеттин стратегиялык ресурсу болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 26-апрелде, эл аралык жана улуттук Интелектуалдык менчикке арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ал өзгөчөлөнгөн авторлорго «Чыгармачылыктагы жетишкендиги үчүн», «Мыкты ойлоп табуучу» наминациялары боюнча интелектуалдык менчик дүйнөлүк уюмунун алтын медалдарын жана «Патенттик иштерге кошкон салымы үчүн» наминациясы боюнча В.И.Блинников атындагы Евразиялык патенттик уюмдун алтын медалын тапшырды.

Мындан сырткары «Интелектуалдык менчикке кошкон салымы үчүн» жана «Мыкты инновациялык долбоор 2016» атылышындагы республикалык сынактын эки жеңүүчүсүнө сыйлыктар ыйгарылды.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөнүн чыгармачыл жана илимий элитадагы бардык мүчөлөрү, идеологдорду куттуктады.

«Интелект бардык коомдо баалуу жана мамлекеттин стратегиялык ресурсу болуп саналат. Мамлекет уюштуруу жана коомдун интеллектуалдык өнүктүрүү үчүн ишенимдүү таянычы болуу керек. Бүгүнкү күндө, окумуштуулар, жазуучулар, ойлоп табуучулар өз ишмердигинин мааниси, коомдун коомдук, экономикалык жана рухий жактан өсүшү үчүн, алардын ишинин маанилүүлүгүн сезет. Биздин өлкөнүн маданият жана көркөм өнөр тарыхы, курч дагы окуялар менен жана татыктуу адамдар менен бай. Мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин түздөн-түз топтоштуруу максатында, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, адеп-ахлак жана маданият жылы деп жарыяланды», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр экономикалык билимдин түзүлүшүндө зор салым кошкон Самудин Абдраимов, Евгений Зотов, Сагын Жекишева, Эрнст Акрамов, Анатолий Кривовязюк, Какин Сулайманкулов сыяктуу мыкты ата мекендик ойлоп табуучуларды атады. Ошондой эле кыргыздын гана эмес, дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына салым кошкон Токтогул Сатылганов, Чынгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Мураталы Куренкеев, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу кыргыздын чыгаан акын жазуучуларын атады.

«Бүгүнкү күндө азыркы экономикалык шартта илимий идеяларды жана демилгелерди практикалык чөйрөдө жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө көмөктөшө турган, адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн Интеллектуалдык менчик жана инновациялар (Кыргызпатент) мамлекеттик кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл», – деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова илимпоздорго, чыгармачыл тармактардын өкүлдөрүнө илхам, түгөнбөс энергия, улуттук экономиканын новатордук өнүктүрүү үчүн новатордук чечимдерди жана идеяларды үзгүлтүксүз издөө жана ар бир жарандын жашоосун жакшыртууну каалады.

Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ведомствонун алдына ишке ашыра турган бир топ тапшырмаларды койгонун билдирди. Кыргыз Өкмөтү тарабынан жакынкы келечектеги конкреттүү милдеттерди камтыган Кыргызстанда инновациялык өнүгүү Концепциясы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий